Ссылки доступа

Facebook жалган маалыматтардын жайылышына каршы чараларды көрөт


Facebook социалдык түйүнү өз платформасы аркылуу жалган маалыматтардын жайылышына каршы багытталган бир катар чараларды көрөт.

Максат – 2020-жылы өтө турган АКШдагы президенттик өнөктүк маалында жана эл каттоо учурунда коомдук пикирди бурмалоонун алдын алуу.

Facebook 2016-жылкы президенттик шайлоонун алдында өз сайтында жалган маалыматтардын жайылышына жол бергендиги үчүн чоң сынга кабылган. Ак үйдүн өкүлдөрү мындай ыкма 2020-жылкы эл каттоого зыян келтириши мүмкүн деген тынчсызданууларын билдиришкен.

Айрым маалыматтарга караганда, АКШдагы буга чейинки эл каттоодо калктын кээ бир топторунун, анын ичинде афроамерикалыктардын, Латын Америка өлкөлөрүнөн келген мигранттардын жана жакыр адамдардын саны азайтылып көрсөтүлгөн.

Быйыл анкеталарга адамдардын жарандыгы тууралуу суроону кошуу боюнча Трамптын администрациясынын аракети Жогорку сот тарабынан убактылуу четке кагылган. Сынчылар бул суроонун кошулушу өлкөдө мыйзамсыз жашап жүргөн мигранттарды эл каттоого катышуудан чочулатышы мүмкүн деп эсептешүүдө.

XS
SM
MD
LG