Ал досуна жөнөткөн видеокайрылуусунда абак кызматкерлеринин кыйноосуна чыдабай, колунун кан тамырын кесип, курсагына бычак сайганын айткан.
«Шерзод кимдир бирөөлөр менен мушташкандыгы үчүн байбаштыкка айыпталып, 277-берене менен соттолуп кеткен. Жума күнү абак кызматкерлери аны катуу сабап, өз өмүрүнө кол салууга чейин жеткиришкен. Ал колундагы кан тамырын кесип, курсагына бычак сайган», — деди Усмановдун досу.
Өлкөнүн Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлү видеодогу айтылган фактылар ырасталса, соттолгондорду кыйноого алган кызматкерлер иштен алына турганын билдирди.
Ташкенттик юрист Одилбек Рахимбердиевдин айтымында, абак кызматкерлери «Адамды өз жанын кыюуга чейин жеткирүү» беренеси менен жоопко тартылышы керек.
Укук коргоочулардын маалыматына караганда, Өзбекстанда соттолгон адамдарды кыйноого алган деп айыпталган абак кызматкерлеринин көбү жазадан кутулуп кетишет. Кээ бирде катаал мамилелерге даттанган камактагылардын өзүлөрүн жалган маалымат берүүгө айыптап койгон учурлар дагы кездешет.