Ссылки доступа

Укук коргоочулар Азимжан Аскаровго байланыштуу Могериниге кайрылышты


Azim
Azim

Адам укуктарын коргогон эл аралык сегиз уюм Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку комиссары Федерика Могериниге кайрылуу жиберип, Азимжан Аскаровду боштондукка чыгаруу маселесин көтөрүштү.

«Amnesty International», «Human Rights Watch», «Frontline Defenders» өңдүү уюмдардын кайрылуусу 1-июлда жарыяланды. Алар бул кайрылууну Евробиримдиктин Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери менен жолугушуусунун алдында жөнөтүштү. Ал жолугушуу 7-июлда Бишкекте болот.

Кайрылууда Азимжан Аскаровдун саламаттыгы начарлап кеткени, аны түрмөдөн чыгарып башка мамлекетке дарыланууга жөнөтүү зарылдыгы белгиленген. Укук коргоочулар бул маселени көтөрүүнү Могериниден өтүнүштү.

2010-жылдагы июнь калабасындагы кандуу кагылыштар үчүн айыпталган Аскаров өмүрүн аягына чейин камалган. Эл аралык уюмдар жана жергиликтүү айрым укук коргоочулар ага куру жалаа жабылганын айтып келет. Аскаров күнөөнү мойнуна алган эмес.

68 жаштагы Азимжан Аскаров адам укуктарын коргоп жүргөн ишмер катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG