Ссылки доступа

Екатеринбургда кыргыз диаспорасынын башчысын атып кетишти


Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргыз диаспорасынын башчысы Камчыбек Каримовду атып кетишти.

Окуя 2-июлда күндүз саат үч-төрттөрдө Каримов жашаган үйдүн жанында болгон. Кылмышкерлер маркумдун сумкасынан акчасын алып, из жашырганы айтылууда.

Жалпы орусиялык кыргыз конгрессинин өкүлү Матмырза Болотбеков бул кол салуу аны карактоо максатында уюштурулганын айтты:

- Жеке ишкер катары соода менен алектенчү. Акчасын тонойбуз деп, артынан түшүп, атып кетишкен деп боолгоп турабыз. Өзү такыр криминалга аралашпаган, кой оозунан чөп албаган момун инсан эле.

Полиция кылмыш ишин козгоп, тергөөчүлөр окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. 3-июлга медициналык экспертиза дайындалган.

Камчыбек Каримов 2012-жылдан бери Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасын башкарып келет. Маркумдун артында жубайы жана үч баласы калды.

«Азаттыкта» азырынча кылмышка байланыштуу тергөөнүн маалыматтары жок.

Кыргызстандын орус элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова иш көзөмөлгө алынып, Екатеринбургдагы консулдук иштеп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG