Ссылки доступа

Тажикстан ТИМи "Азаттыктын" тажик кызматынын журналистин аккредитациядан ажыратуу чечимин түшүндүрдү


Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги “Азаттыктын” тажик кызматынын журналисттерин аккредитациядан ажыратуу жөнүндө макаланы “негизсиз” жана “журналисттик этикага карама-каршы” деп атап, нааразылыгын билдирди. Министрликтин билдирүүсү 3-июлда жарыяланды.

Буга чейин ЕККУ, Журналисттерди коргоо комитети жана “Эркин Европа/Азаттык” радиосу журналист Барот Юсуфиге аккредитация берилбегенине тынчсыздануусун билдиришкен. Тажикстан ТИМи өз чечимин Барот Юсуфи репортаждарында өлкөдө тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу” партиясын кеп кылганы менен түшүндүргөн.

Тажикстан ТИМи “Азаттыктын” тажик кызматын өлкөдөгү окуяларды бурмалоого айыптаган. “Эркин Европа/Азаттык” радиосу өз материалдарында саясий, экономикалык, социалдык жана маданий жашоону чагылдыруунун ордуна, угарман жана окурмандарга чындыктан алыс маалыматтарды таратууда” деп айтылат билдирүүдө.

26-июнда Тышкы иштер министрлиги “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысы Барот Юсуфиге аккредитация берүүдөн баш тарткан.

28-июнда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун маалымат катчысы Жоанна Левисон тажик бийлиги редакцияны калыс жана кесипкөй материалдары үчүн жазалоо максатында аккредитация системасын колдоно турганын айткан.

XS
SM
MD
LG