“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысынын билдиришинче, өлкөдө тышкы миграция күч алды:
–Дашогузда жашоо чыдагыс болуп калды. Көптөгөн кишилер, атүгүл мамлекеттик кызматтарда, полицияда, акимчиликтерде иштегендер жумушун таштап кетишүүдө. Чындыгында алар башкаларга салыштырмалуу жакшы табышат. Бирок мунун баары салыштырмалуу, бул жашоо үчүн жетпейт.
“Түркмөнстан хроникасы” мекенине кайтууну каалабаган Беларуста окуган түркмөн студенттери жөнүндө жазды.
Түркмөн бийлиги миграция көйгөйүн расмий түрдө мойнуна ала элек. Түрк чиновниктеринин маалыматы боюнча 2019-жылы март айында эле Түркмөнстандан 23 миң киши келген.
“Азаттыктын” түркмөн кызматы өз булактарына таянуу менен акыркы он жылда өлкөдөн 1 миллион 879 миң жаран чыгып кеткенин билдирди.