Ссылки доступа

Лондон соту Дарига Назарбаеванын уулун күрөөгө бошотту


Айсултан Назарбаев
Айсултан Назарбаев

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси Айсултан Назарбаев 4-июлда өткөн болжолдуу угуулар маалында полиция кызматкерин тиштеп алгандыгы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу Court News UK жаңылыктар сайты билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, сот Айсултан Назарбаевди «кийинки соттук угууларга чейин Priory Group ооруканаларынын биринде болуу» шарты менен күрөөгө бошотту. Бул иш боюнча кийинки отурум 2020-жылдын 20-мартына белгиленген.

Назарбаев 5-июнда Росс Сэмбрук аттуу полиция кызматкерине кол салган деп айыпталууда.

«Соттолуучу Тависток көчөсүндөгү батирде болгон. Анда полиция кызматкерлери менен пикир келишпестиктер чыгып, ал офицерлердин бирин тиштеп алган», — деп билдирген 26-июнда прокурор Грегор МакКинли.

Андан мурдараак британ полициясы Айсултан Назарбаев аттуу жаран Лондондогу батирлердин биринде өз жанын кыюуга ниеттенип, полиция кызматкери ага тоскоолдук кылган учурда аны тиштеп алганын билдирген.

Айсултан Назарбаев – Казакстан Сенатынын спикери Дарига Назарбаева менен маркум Рахат Алиевдин баласы.

XS
SM
MD
LG