Ссылки доступа

Тажик кызды жыныстык катнашка көндүрүүгө аракет кылган нидерланд жараны соттолду


Нидерланд соту жашы жете элек тажик кызды жыныстык катнашка көндүрүүгө аракет кылууга айыпталган 56 жаштагы жергиликтүү тургунду 18 айга эркинен ажыратты.

Маалыматтарга караганда, окуя сегиз жыл мурда Тажикстанда болгон. Учурда 21ге чыгып калган кыз иштин материалдарында «жабырлануучу» катары көрсөтүлгөн. Ал сотто айыпталуучу ага эч кандай зыян келтирбегенин айтып, айыптоолор негизсиз экенин билдирди.

27-июнда жарыяланган сот чечиминде «жабырлануучудан» 35 жашка улуу нидерланд жараны ага белек, акча берип, батирин оңдоп, эмерек сатып бергендиги белгиленген.

Соттун материалдарына ылайык, 12 жаштагы кызга каршы жасалган кылмыш иши 2010-2013-жылдары болгон. Муктаж үй-бүлөдө жашаган кыз нидерланд жараны жетектеген «Саятослав» кайрымдуулук фондунда ыктыярчы болуп иштеп, аны менен ошол жерде таанышкан.

Адвокат бул чечим боюнча жогорку баскычтагы сотко даттана тургандыгын жана ага чейин соттолуучу эркиндикте болорун билдирди.

«Святослав» кайрымдуулук уюмунун документинде ал Тажикстандагы муктаж үй-бүлөлөрдүн майып балдарына жардам берүү менен алектене тургандыгы жазылган. Бул жаңжалга байланыштуу фонд 10 жыл иштегенден кийин жабылып калган.

XS
SM
MD
LG