Айыл тургундарынын айтымында, алгач ата-энеси баланын жараатына көңүл бурушкан эмес.
«22-июнда баланын дене табы жогорулап, кутурма белгилери менен облустук инфекциялык ооруканага жеткирилген. 3-июлда каза болуп калды», — деди айыл жашоочусу.
Инфекциялык ооруканадан билдиришкендей, каза тапкан баланын анализдери Ташкенттеги илимий-изилдөө борборуна жөнөтүлдү. «Анализдин жыйынтыктары бир жумадан кийин белгилүү болот. Ага чейин эч нерсе айта албайбыз», — деди оорукана дарыгери.
Баланын өлүмүнөн кийин райондо кутурмага каршы үй жаныбарларын, анын ичинде иттер менен мышыктарды жапырт эмдөө иштери башталды.