Ссылки доступа

АКШ эгемендик күнүн белгиледи


АКШ 4-июлда эгемендик күнүн белгиледи. Бүткүл өлкө боюнча салюттар атылып, пикниктер уюштурулду. Вашингтондо болсо аскердик парад өттү.

Президент Дональд Трамп Вашингтондо өткөн «Америкага салют» аттуу иш-чарада сүйлөдү. Мурдараак ал «Твиттердеги» баракчасына майрамдын кульминациясы авиациянын катышуусундагы аскердик парад болорун жазып, анда анын жанында Куралдуу күчтөрдүн бардык түзүмдөрүнүн кол башчылары турсун деген каалоосун билдирген.

Шаршемби күнү Пентагон коргоо министринин милдетин аткаруучу Марк Эспер менен Штаб башчыларынын бириккен комитетинин башчысы, генерал Жозеф Данфорд президенттин чакыруусун кабыл алганын ырастаган.

Трамптын сынчылары аны майрамды милитаризациялоого жана салык төлөөчүлөрдүн акчасын туура эмес коротууга айыпташууда.

АКШнын эгемендик Декларациясына 1776-жылы 4-июлда кол коюлган. Бул күнү Улуттук аллеядагы концерт менен салютту көрүү үчүн Вашингтонго жүз миңдеген адамдар келишет.

XS
SM
MD
LG