«Мурдагы ССР өлкөлөрүнөн тышкары дүйнөнүн башка көптөгөн клубдарына чакыруулар болгонуна карабастан, ал Ташкенттин «Мехнат» жана СКИФ командаларында калган. Профессионалдык спорттон кеткенден кийин ал балдар жана өспүрүмдөрдү тарбиялап, алар менен тажрыйбасын бөлүшүп келген», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Равиля Салимова кезинде Советтер Союзунун курама командасы менен эки жолу дүйнөнүн жана төрт жолу Европанын чемпиону болгон. Мындан тышкары Бүткүл дүйнөлүк универсиадада эки жолу алтын медаль уткан.