Ссылки доступа

Мирзиёев Анжияндын "урушчаак" акимин сындады


Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Анжиян облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысын «шайтан, айбан, импотент»,  саламаттыкты сактоо министрин «айбан, министр сөрөй» деп кемсинтен Анжиян облусунун башчысы Шухрат Абдурахмановду сынга алды.

Шавкат Мирзиёев 5-июлда өткөн видеоселектордук жыйында Шухрат Абдурахмановдун жооруктары тууралуу кабары бар экенин айтты.

«Мен сени сыйлайм. Бирок Интернетте сен тууралуу тараган маалыматтарды угуп жаман болдум. Өзүңдү карма», – деди Мирзиёев.

Аким күнөөсүн сезгенин айтып, кечирим сурады.

2019-жылы июнь айында Анжиян облусунун башчысы облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Авазбек Абдурахмановду жыйын учурунда катуу тилдеген. Буга башкармалыктын кызматкери акимдин үстүнөн Башкы прокуратурага даттанганы себеп болгон.

XS
SM
MD
LG