Ссылки доступа

Ашхабаддын тургундары ысыкта бир күн бою таза суусуз калышты


7-июлда эртең менен Ашхабадда суу түтүктөрү жарылып, бир нече көп кабаттуу үйдүн жашоочулары кечке чейин таза суусуз калышты. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, бийлик мурдагы жылдардагыдай суусуз калган жашоочуларга бул жолу атайын транспорт менен таза суу жеткирип берген жок.

7-июлда Ашхабадда абанын температурасы +40 грудаска чейин жеткен.

Адатта Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат каражаттары жарандар кабылган бул сыяктуу көйгөйлөрдү чагылдырышпайт. Калаа бийлиги болсо мындай учурлар тууралуу эч кандай комментарий бербейт.

XS
SM
MD
LG