Ссылки доступа

Казакстан полициясы Борбор күнүндө 100 киши кармалганын тастыктады (видео)


Казакстан ИИМинин башчысы Ерлан Тургумбаев 6-июлда Нур-Султан жана Алматы шаарларында өткөн митинг учурунда 100 киши кармалганын билдирди. Алар түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин бошотулган.

“Настоящее время” телеканалы кабарлагандай, 44 адамга айыппул салынып, административдик камакка алынган.

6-июлда Казакстандын бир нече шаарларында полиция митингге чыккандарды жапырт түрдө кармап кеткен. Алматынын Борбордук стадионунда ондогон адам кармалган. “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы полиция кызматкерлери атайын унааларга 30 кишини салып кеткенин көргөн.

Нур-Султанда дагы ушундай эле кармоо болгон.

Шымкенттеги Ал-Фараби аянтында полиция 40 кишини кармаган. Полиция кызматкерлери митингде эч кандай ураан чакырбай, тынч турган жарандарды да кармап кеткен.

Казакстанда буга чейин 9-10-июнда да митингдер өткөн. Анда Нур-Султанда жана Алматыда ар кандай эсеп боюнча миңге чукул киши кармалган. Анын 670и алты күндөн 16 күнгө чейин камалса, 115ине айыппул салынган.

XS
SM
MD
LG