- Акыркы үч жылдан бери май айынан тарта жай бүткөнгө чейин Ашхабаддагы балдардын көбү суу чечек менен жабыркашууда. Сентябрда сарык менен ооругандар көбөйөт.
“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысынын айтымында, дарыгерлерге суу чечек диагнозун койгонго оозекти тыюу салынган. Буга байланыштуу алар жугуштуу илдетке чалдыккандарга көбүнчө “дем алуу жолдорунун курч мүнөздө оорушу” деген аныктама беришүүдө.
Бул арада Түркмөнстан Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа боюнча бюросунан суу чечекти, чечекти, кызамыкты жеңген мамлекет катары сертификат алган.
Түркмөн бийлиги өлкөдөгү оорулардын статистикасын жарыялабайт.