“Рейтер” агенттиги кабарлагандай, Гонконгдун премьер-министри буга карабастан, мыйзам долбоорун токтоосуз түрдө чакыртып алуу жөнүндөгү демонстранттардын башкы талабын аткарган жок.
Гонконгдо кырдаал бир айдан бери тынчыбай келатат. Бийликтин кылмышка шектүү адамдарды Кытайга экстрадициялоо тууралуу мыйзамды кабыл алуу планы калың элди нааразы кылган.
15-июнда эки миллиондой киши катышкан демонстрациялардан кийин мыйзамды иштеп чыгуу бир нече убакытка токтотулган. Бирок демонстранттар долбоор толугу менен күн тартибинен алынышы керек дешет. Анда нааразылыкка чыккандар бир нече саат бою аймактагы парламент имаратын басып алышкан.
1997-жылы Британиянын эски колониясы Гонконг өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга өткөрүлүп берилгенде сот системасы өз алдынча бойдон калышы керек деген шарт коюлган.