Ссылки доступа

The Guardian басылмасынын журналистти Өзбекстанда иштөөгө аккредитация алды


Улуу Британиянын журналисти Жоанна Лилис Өзбекстанда иштөөгө аккредитация алды. Бул тууралуу журналист өзү 8-июлда «Твиттердеги» баракчасы аркылуу билдирди.

Жоанна Лилис The Economist, The Guardian жана Eurasianet басылмалары үчүн макалаларды жазат. Акыркы 14 жылдан бери ал Казакстанда жашап, иштеп келет.

Жоанна Лилис — Өзбекстанда иштөөгө аккредитация алган жалгыз чет өлкөлүк журналист эмес. Быйыл 4-июнда Авазбек Тахиров Би-Би-Синин кабарчысы катары өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинде каттоодон өткөн. 2005-жылкы Анжиян окуясынан кийин Би-Би-Синин журналисттери өзбек бийлигинин кысымына кабылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

Бир жыл мурда Өзбекстанда «Америка үнү» радиосунун өзбек кызматынын кабарчысы Навбахор Имамова аккредитация алган. Быйыл апрелде өзбек ТИМи Андрей Кудряшовду «Фергана» басылмасынын Ташкенттеги кабарчысы катары каттоого алган.

XS
SM
MD
LG