Ссылки доступа

Токмоктун тургуну кызына дары сатып алуу үчүн дарыкананы карактады (видео)


Токмок шаарынын тургуну Замир Кожоканов дарыканадан 350 доллар карактап кеткен. Бирок ал күнөөсүн мойнуна алып, милицияга өзү барган. Ага карабай Замир беш жылга кесилди, мындан тышкары 1000 доллар айыппул төлөөгө милдеттендирилди.

Замирдин айтымында, кызы үчүн дары сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, уурулукка барган.

Замир Кожокановдун окуясы социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратууда. Көптөгөн интернет колдонуучулар сот ишти кайра карап, жазаны жумшартат деп үмүттөнүшүүдө.

Айыпталуучунун апасынын айтымында, ал күнү Замир кызына дары сатып алуу үчүн дарыканага барган, бирок жанында акчасы болгон эмес. Дарыканада ал курткасын күрөөгө калтырууну сунуштаган, бирок сатуучу көнгөн эмес. Замир ал жерге кийинчерээк кайра келип, сатуучуну түртүп, кассадагы 350 долларды алып кеткен. Бирок бир нече күндөн кийин милицияга өзү барган.

Замирдин ишин карап жаткан юристтер доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрылышат. Эгер өкүм күчүндө калса, Замирдин үч баласы кийинки окуу жылында мектепке атасы жок барат.

XS
SM
MD
LG