Ссылки доступа

Украинанын чыгышында өзбекстандык жалданма аскер өлтүрүлдү (видео)


Донбасста өзүн “Донецк элдик республикасы” деп жарыялап алган аймактын жоочуларынын катарында украин армиясына каршы күрөшкөн өзбекстандык атып өлтүрүлдү.

Бул тууралуу украин армиясынын офицери Анатолий Штефан Telegram-каналына жарыялады. Маалыматка Хожиакбар Шариповдун табытта жаткан сүрөтү да тиркелген.

Штефандын билдиришинче, 3-июлда өлтүрүлгөн 32 жаштагы Хожиакбар Шариповдүн сөөгү Өзбекстанга 6-июлда жөнөтүлдү.

«Миротворец» сайтында дагы Шариповдун өлгөнү тууралуу кабар чыкты. Хожиакбар Шарипов буга чейин да жаракат алган.

Жикчилдер менен украин армиясынын катарында канча өзбекстандык согушуп жүргөнү тууралуу расмий маалыматтар жок.

XS
SM
MD
LG