Ссылки доступа

Петербург метросундагы теракт: Шектүү жардыруучу затты ага полиция кызматкерлери салып койгонун билдирүүдө


Петербург метросундагы жардырууга айыпталып жаткандардын бири Бахром Эргашев анын жанынан табылган гексоген затын полиция кызматкерлери салып коюшканын билдирди.

Бул иш боюнча сот отуруму Ленинград аскердик сотунда өтүүдө. Анда сөз сүйлөгөн Бахром Эргашевдин пикиринде, Тергөө комитетине жеткирилгенден кийин полиция кызматкерлери анын буюмдарынын арасына жардыруучу затты (гексоген) кошуп коюшкан.

«Мен курулушта иштейм жана гексогендин эмне экенин билбейм! Физика менен химиядан начармын, аны түшүнбөйм», — деди Эргашев сот отурумунда.

Петербург метросундагы жарылуу 2017-жылы апрелде болгон. Анда 16 киши мерт болуп, жүздөн ашыгы жаракат алган.

Тергөөнүн версиясына ылайык, жардырууну жанкечти Акбаржон Жалилов аттуу адам ишке ашырган. Теракт боюнча жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары жалпысынан 11 киши кармалган. Алардын бирөөсү дагы күнөөлөрдү мойундарына алган эмес. Кармалгандарын кеминде үчөөсү ФСБ тарабынан кыйноого алынганын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG