Ссылки доступа

Германия Душанбедеги DAAD маалыматтык борборун жапты


Германиянын академиялык алмашуу кызматы (Deutscher Akademischer Austauschdienst - DAAD) Душанбе шаарындагы маалыматтык борборун жапты. Бул тууралуу кызматтын басма сөз катчысы Кордула Лукассен билдирди.

Анын айтымында, Душанбедеги борборду жабуу чечими кызматтын 57 өлкөдөгү башка борборлорунун ишмердүүлүгү иликтенип чыккандан кийин кабыл алынды.

«Жүргүзүлгөн анализ биздин башка борборлор, анын ичинде аймактагы борборлорубуз Тажикстандагы маалыматтык борборго караганда кыйла жогорку макамга ээ экенин көрсөттү. Буга байланыштуу Германиянын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн Билим берүү министрлиги жана илим изилдөөчүлөрү менен кеңешип, 30-июнда Душанбе шаарындагы DAAD маалыматтык борборун жабуу чечимин кабыл алды», — деп билдирди Кордула Лукассен.

Тажикстандын баш калаасында DAAD маалыматтык борбору 2004-жылы ачылган. 15 жыл аралыгында 700дөн ашык тажик студенти менен илимпоздору Германиянын жогорку окуу жайларында бекер билим алып, тажрыйбаларын жогорулатып келишкен.

XS
SM
MD
LG