Ссылки доступа

АКШнын Ашхабаддагы элчилиги виза маселеси боюнча адамдарды кабыл алууну убактылуу токтотту


АКШнын Түркмөнстандагы элчилигинин консулдук бөлүмү адамдарды иммиграциялык жана иммиграциялык эмес визалар маселеси боюнча кабыл алууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу элчиликтин сайтына жарыяланган билдирүүдө айтылат.

«29-июлдан 12-августка чейин АКШнын Ашхабад шаарындагы консулдук бөлүмү иммиграциялык жана иммиграциялык эмес маселелер боюнча, ошондой эле АКШ жарандарынын иши боюнча адамдарды кабыл албайт», — деп жазылган билдирүүдө.

Маалыматтарга караганда, консулдук кызмат быйыл 13-августтан тарта кайрадан иштей баштайт. Азырынча анын эмне себептен айрым маселелер боюнча адамдарды кабыл алууну токтоткону белгисиз.

XS
SM
MD
LG