Ссылки доступа

Анжиян төрөтканасында көз жарган келиндер полго жаткырылган


Анжиян облусунун Мархамат районундагы төрөтканада орундардын жетишсиздигинен улам жаңы көз жарган келиндер балдары менен полго жаткырылган. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы өз булактары жөнөткөн сүрөткө таянып жазды.

Сүрөттөн жаңы көз жарган бир нече аялдын полго салынган төшөктөрдө жатканын көрүүгө болот.

Аталган медициналык жайдын кызматкерлеринин бири сүрөт чынында эле 24-июнга караган түнү алардын төрөтканада тартылганын ырастады. Анын айтымында, орун жетишсиздигинен улам жетекчилик айрым келиндердин палатанын полуна жатып туруусун өтүнүшкөн.

«Башка мезгилдерге салыштырмалуу жайкысын төрөт үйүндө адамдар көп болот. Кээ бир учурларда көз жаргандардын саны бир күндө 70ке жетип кетет. Алардын баарына орун жетишпейт. Ошондуктан айрымдарын реанимация, интенсивдик терапия бөлүмдөрүнө, батпай калган 7-8 аялды полго жайгашып тургула деп өтүнөбүз», — деди медайым.

Бирок төрөткананын башкы дарыгери Матлюба Темирова бул маалыматты четке какты.

«Биздин төрөт үйдө жакында эле оңдоо иштери аяктаган. Палаталар жарык жана таза. Ар бир палатада ысык жана муздак суу бар. Төрөт үйүндө 50 орун болсо, азыр 41 аял жатат. Көз жарган аялдар полдо жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт», — деди башкы дарыгер.

XS
SM
MD
LG