Ссылки доступа

Грецияда байыркы акыл-эстүү кишилердин калдыктары табылды


Окумуштуулар Африка чегинен алыс аймакта акыл-эстүү адамдардын эң жаш үлгүсүнүн калдыктарын табышты. Грецияда табылган баш сөөктүн фрагментине кеминде 210 жыл болгон.

Бул тууралуу Nature журналы жарыялаган иликтөөдө айтылат.

Калдыктар 1970-жылдардын соңунда Апидима үңкүрүндө табылган. Анын жаш курагын эми гана аныктоого мүмкүн болду. Окумуштуулардын пикиринде, табылган баш сөөктөрдүн бири 170 жыл мурун жашаган неандерталдыкка таандык, экинчиси – Homo sapiens (акыл-эстүү киши) өкүлүнө тиешелүү.

Associated Press агенттиги кабарлагандай, Грециядан табылган калдыктар былтыр Израилден табылган үстүнкү жаактан 16 миң жылга улуу.

Эгер табылгалардын жашы тастыкталса, Homo sapiens тарыхы жөнүндө маалыматтарга олуттуу өзгөртүүлөр киргизилет. Буга чейин акыл-эстүү адамдар Африкадан Европага 45 миң жыл мурун эле келген деп эсептелген.

XS
SM
MD
LG