Маалыматка караганда, полиция кызматкерлери чогулгандардын президенттин резиденциясына баруусуна жол бербөө максатында алардын жолун тороп турушат.
Көп балалуу энелердин алдына өкмөттүн жана шаар бийлигинин өкүлдөрү чыгышты.
Өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары Светлана Жакупова «акимчиликтин аткаминерлери менен жолугуу үчүн» чогулгандарды административдик имаратка кирүүгө чакырды.
Борбордогу бул акция менен катар учурда Чымкент шаарында дагы көп балалуу энелер шаар акимчилигинин алдына чогулуп, турак-жай маселесин чечип берүүнү талап кылышууда.