Ссылки доступа

Өзбекстанда күйөөсү тарабынан сабалган келин каза болду


Өзбекстандын Сурхандарья облусундагы ооруканада күйөөсү тарабынан сабалган 32 жаштагы Максуда Алимардонова каза болду.

9-июнда көптөгөн жаракаттары менен райондук ооруканага жеткирилген Максуда Алимардонова эртеси жан берген. Анын күйөөсүнө каршы кылмыш иши козголуп, камакка алынды.

Туугандарынын айтымында, маркумду мас болуп келген күйөөсү арматура менен сабаган.

«Күйөөсү аны сабаган сайын жубайларды жараштыруу комиссиясынын, маале жана аялдар комитеттеринин өкүлдөрү ортого түшүп, аларды элдештирип келишкен. Эми минтип аягы кайгылуу бүтүп отурат», — деди маркум келиндин апасы Зиёда Меликулова.

Максуда Алимардонованын артында тогуз жана беш жаштагы эки баласы калды. Эгер күйөөсүнүн күнөөсүү далилденсе, ал үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат.

Дүйнөлүк банктын 2016-жылы жарыяланган «Аялдар, бизнес жана мыйзам» деген баяндамасына ылайык, Өзбекстан үй-бүлөлүк зомбулукка тыюу сала турган мыйзамдары жок 46 өлкөнүн бири болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG