Ссылки доступа

Тажикстанда азык-түлүк баасы Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда эң жогору


Тажикстандын Монополияга каршы күрөшүү кызматы өлкө базарларындагы азык-түлүк бааларына карата жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгын жарыялады.

Ага ылайык, азык-түлүк өлкөнүн Согди облусунда эң арзан, ал эми Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда эң кымбат.

Алсак, ата мекендик өндүрүштөгү биринчи сорттогу ундун 50 килограммдык кабы Душанбеде 175 сомони (18 доллар), чет өлкөдөн келгендери 187 сомони (19,7 доллар) турат.

Согди облусунда биринчи сорттогу ундун 50 килограммдык кабы 157-180 сомониден ($16,5-19) сатылууда. Бул өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу эң арзан баа.

Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда болсо биринчи сорттогу бир кап ундун баасы 190 сомониге (20 доллар) жетет. Ошол эле маалда анализдин жыйынтыгында бул аймакта уйдун эти кыйла арзан экени белгиленген.

XS
SM
MD
LG