Мамлекетти башкарган 12 жыл ичинде 50дөн ашык китеп, анын ичинде «Түркмөнстандын дары өсүмдүктөрү» жыйнагын жазган Бердымухамедовдун чыгармачылыгы өлкөдө расмий деңгээлде пропагандаланат.
Президенттин дары чөптөр жөнүндөгү китебине өлкөнүн расмий медицинасы да кайрылган учур болгон. 2018-жылы октябрда Саламаттык сактоо министрлиги калкка мамлекет башчынын китебинде көрсөтүлгөн чөптөрдөн жасалган чай ичүүнү сунуштаган.