Ссылки доступа

Гүлнара Каримова абактын ички тартибин бузууга айыпталууда


Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун камактагы кызы Гүлнара Каримова абактын ички тартибин бузууга айыпталып жатат. Бул тууралуу анын кызы Иман Каримова Instagram баракчасына жазды.

Ал билдирүүсүндө бул айыптоолорду жасалма деп эсептей турганын белгилеген. «Апам 6-апрелде эртең мененки текшерүүгө барган эмес деп айыпталууда. Ал күнү апам ооруп калган. Муну анын медициналык картасынан текшерүүгө болот. 5-апрелден 6-апрелге оогон түнү апамдын кан басымы жогорулап, ийне сайылган», — деп жазды Иман.

Өзбекстанда буга чейин «абактын ички тартиптерин бузууга» айыпталган жарандарга кошумча жаза мөөнөтү берилип келген. Бирок азырынча Гүлнара Каримовага мындай жаза колдонулаар-колдонулбасы белгисиз.

Иман Каримованын айтымында, апасы быйыл мартта аны жатак абагына которуу боюнча комиссиянын кароосунда болушу керек болчу. Бирок комиссия июнда гана чогулуп, андан соң ал «ички тартипти бузууга» айыпталган.

Иман Каримованын белгилешинче, апасына карата жасалып жаткан мындай мамиле анын чет өлкөлөрдөгү акчаларын Өзбекстанга кайтаруу иштеринин артка жылып жатышынын негизги фактору болууда.

1-июлда Швейцария соту Гүлнара Каримованын камактагы 850 миллион долларынын 555 миллионун Өзбекстанга кайтарууну убактылуу токтотконун билдирген.

XS
SM
MD
LG