Ссылки доступа

Финляндиядан 140 өзбекстандык депортацияланды


Өзбекстандын Ригадагы элчилиги Финляндиядан 140 өзбек жараны депортациялангандыгы тууралуу маалыматты ырастады. Алар жогорку билими тууралуу жасалма документтерди көрсөткөн деп айыпталган.

«Учурда элчилик абалды өз көзөмөлүнө алып, бул боюнча кеңири маалымат алуу үчүн Финляндиянын расмий өкүлдөрү менен байланышка чыкты», — деп билдирди өзбек ТИМи.

Өткөн бейшемби күнү Yle финн телеканалы өлкөнүн Миграция кызматы Өзбекстандын 140 жаранын депортациялоо чечимин кабыл алганын билдирген. Анда алар 1993-жылы эле жабылган Курулуш техникумун аяктагандыгы тууралуу жалган дипломдорду көрсөтүшкөнү айтылган. Текшерүү маалында дипломдор 1997-жылдан 2016-жылга чейинки аралыкта берилгени жана алардын бардыгынын каттоо номуру бердей болгону аныкталган.

Расмий маалыматтар боюнча өткөн жылы Финляндияда Өзбекстандын 800дөн ашык жараны иштеп жүргөн.

XS
SM
MD
LG