Ссылки доступа

Токаев: Турак-жай боюнча ашкере талаптар коюлуда


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн 15-июлдагы жыйынында өлкөдөгү турак-жай маселесин акыркы кездери күчөп кеткен «социалдык курч маселе» деп атады.

Токаев өкмөт бул маселени «дайыма өз көзөмөлүнөн чыгарбашы керектигин» билдирип, министрлер кабинетинен бул боюнча сунуштарды берүүнү өтүндү.

«Биз белгилүү бир адамдардын турак-жай боюнча ашкере талаптары бар деп айта алабыз. Бирок мындан маселе чечилип калбайт. Мунун баары өкмөттүн аракетине жараша болот», — деди Токаев.

Казакстанда быйыл февралдан бери көп балалуу энелер социалдык абалдарын жакшыртуу жана турак-жай маселелерин чечип берүү талаптары менен нааразылык акцияларын өткөрүп келишет.

Өткөн жумада өлкөнүн маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев «айрым адамдар мамлекеттин жарандардын алдындагы социалдык жоопкерчилигин туура эмес түшүнө турганын» билдирген.

«Аянтка чыккандардын баарына эле батир таратуу туура эмес. Мамлекет көп балалуу энелерге жардам берүүдөн баш тарткан жок, бирок бардык нерсенин акылга сыярлык чеги болушу керек», — деген министр.

XS
SM
MD
LG