Ссылки доступа

Алматыда электр энергиясынын өчүү себебин аныктоого 10 күн керек


"Алатау жарык компаниясынын" маалыматына караганда, Алматы шаары жана Алматы облусунда жарык эмне себептен өчкөнү аныктала элек.

Жарыктын өчүү себептерин жана чыгымдарын эсептеп чыгуу үчүн 10 күндөн кем эмес убакыт керек.

"АлматыЭнергоСбыт" ("АлЭС") компаниясынын өкүлү Динара Алпысбаеванын билдиришинче, калаадагы электрстанцияларынын биринде авария болгон.

Алматыда электр энергиясы күндүзгү саат экилер чамасында өчкөн. Анын кесепетинен жол чырактар иштебей, троллейбустар токтоп, көчөлөрдө узун тыгын пайда болгон. Алматы метросу да бираз убакытка чейин иштебей калган.

​Шаар акимчилиги электр кубаты кечки саат беште калыбына келерин маалымдаган, бирок айрым райондордо 19:00гө чейин жарык болгон жок.

Алматы – Казакстандын мурдагы борбор калаасы, өлкөдөгү эң ири шаарлардын бири. Расмий маалыматтар боюнча 1,8 миллион киши жашайт.

XS
SM
MD
LG