Ссылки доступа

Алматыда ондогон жаран турак-жай маселесин чечип берүүнү талап кылууда (видео)


16-июлда Алматыда көп балалуу энелер менен турак-жай программасына нааразы болгон жарандар чогулуп, шаардын Алатау районунун акими Шахмерден Рыспаев менен жолугушууну талап кылышты.

Чогулгандар «Нурлы жер» программасы боюнча турак-жай алуу үчүн банкка акча төлөп, бирок акыркы бир нече айдан бери батирлерин ала албай жатышканын билдиришти. Мындан тышкары алар муктаж үй-бүлөлөргө бериле турган даректүү социалдык жардам алуу үчүн документтерин тапшырып, бирок акча төлөнбөй жатканына даттанышты.

Кийинчерээк чогулгандардын алдына чыккан аким даректүү социалдык жардам боюнча төлөмдөр жакынкы бир нече күндүн ичинде бериле турганын билдирди. Андан соң ал жарандарга «жеке маселелерди» кабылдамасында талкуулоону сунуштап, имаратка кирип кетти. Ал жакка журналисттер киргизилген жок.

Акимдин айтымында, Алатау районунда даректүү социалдык жардам алган жарандардын жалпы саны 2 600 адамды түзөт.

Казакстанда көп балалуу энелердин социалдык абалын жакшыртуу жана турак-жай маселесин чечип берүүнү талап кылган нааразылык акциялар быйыл февралдан бери уланып келет. Буга жыл башында Нур-Султанда өрттөн бир тууган беш кыздын каза болушу себеп болгон. Анда өлкөнүн ал кездеги президенти Нурсултан Назарбаев өкмөттү «калк менен иштей алган жок» деп сындап, отставкага кетирген.

Жазында өлкөдө нааразылык маанай күчөгөндөн кийин бийлик муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо чараларын жарыялаган. Алардын ичинде өкмөттүн жарандардын белгилүү бир категориясынын «карызын азайтуу» чечими бар. Анда бийлик айрым муктаж үй-бүлөлөрдүн күрөөсүз алган керектөө насыялары жарым-жартылай кечиле турганын билдирген.

Мамлекет башчы кызматында Нурсултан Назарбаевди алмаштырган Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн 15-июлдагы жыйынында өлкөдөгү турак-жай маселесин «эң курч социалдык көйгөй» деп атап, айрым адамдар бийликке ашкере талаптарды коюп жатканын айткан.

XS
SM
MD
LG