Вашингтон Түркияга 116 аскердик учагын сатуудан баш тарта тургандыгы күтүлүп жаткан, бирок Мамлекеттик департамент президенттин билдирүүсүнө чейин бул боюнча эч кандай реакциясын билдирбей келген.
Пентагон эгер F-35 учактары Түркияга жеткирилсе, Орусия С-400 комплексиндеги радарлардын жардамы менен андагы электроника тууралуу маалыматтарга жетип алат деп тынчсызданып жаткан.
Эми түрк ишканалары НАТО өлкөлөрүнүн ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында өндүрүп жаткан F-35тин жүздөгөн бөлүктөрүн чыгаруу лицензиясынан ажырайт. Түркия бул бөлүктөрдүн аркасы менен 200 миллион доллардан ашык акча таап келген. Дональд Трамп F-35 учактарынын өндүрүүчүсү болгон «Локхид-Мартин» корпорациясына компенсация катары кошумча келишимдерге кол коюла турганын убадалады.
Трамп Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын орусиялык С-400 комплекстерин сатып алуу чечимин түшүнүү менен кабыл алды. Анткени Барак Обаманын администрациясы Анкарага америкалык «Патриот» зениттик-ракеталык комплекстерин өзгөчө катаал шарттар менен саткысы келген. Бирок Конгрессте демократтар менен республикачылар Ак үйдү F-35ти сатуу келишимин жокко чыгаруудан тышкары Орусиянын аскердик-өнөр-жай комплекси менен кызматташкандыгы үчүн Түркияга санкцияларды киргизүүгө чакырышты.