Ссылки доступа

Мирзиёевдин кичи мекенинде бюджетте иштеген кызматкерлер көчө тазалоого чыгарылды


17-июлда Өзбекстандын Жизак облусунда абанын температурасы 45 градустан жогору болгонуна карабастан, бюджеттик мекемелердин кызматкерлери «Даштабан — Заамин» автожолун тазалоого чыгарылды. Бул тууралуу аталган облустагы Заамин райондук ооруканасынын кызматкерлери билдиришти.

«...Ал жакта бизден башка дагы жүзгө жакын адам болду — башка айылдык ооруканалардын санитарлары менен техникалык кызматкерлери. Баарыбызга тазалай турган жерлерди бөлүп беришти. Биз жол жээгиндеги чөптөрдү жулуп, тазаладык», — деди оорукана кызматкерлеринин бири.

Заамин райондук ооруканасынын кызматкерлеринин бири ал күнү абагын температурасы 45 градустан жогору болгон. «Күн өтө ысып, асфальттан ысык уруп турган.

Жизак облусундагы Заамин району өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин кичи мекени болуп эсептелет.

​Заамин райондук акимчилигинин аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери бюджеттик мекеме кызматкерлери көчө тазалоого чаккандыгы тууралуу маалыматты ырастады.

– Биз айлананы тазалап жатабыз. Бардыгы өз эрки менен чыгышкан. Автоунаа жолу тазаланса эмнеси жаман?», — деп билдирди акимчилик кызматкери.

Эл аралык уюмдар бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин мажбурлап иштеткендиги үчүн расмий Ташкентти сынга алып келишкен.

XS
SM
MD
LG