Ссылки доступа

Өзбекстанда Гүлнара Каримованы жактаган артисттер эфирден четтетилди


12-июлда Өзбекстандагы Zo’rTV жеке каналы ырчы Жахонгир Позилжонов менен актриса Халима Ибрагимованы эфирден четтеткени белгилүү болду. Алар катышкан бардык рекламалык роликтерди да көрсөтүүгө тыюу салынды.

Телеканалдын кызматкеринин айтымында, мындан тышкары ырчылар Райхон Ганиева менен Зиёда Кобилованын ырлары да эфирден алынган.

Маалыматтарга караганда, көңүл ачуу программаларынын алып баруучулары социалдык түйүндөр аркылуу мурдагы президенттин кызы Гүлнара Каримованы жактагандан кийин эфирден четтетилген.

«Узбекконцерт» мамлекеттик бирикемесинин өкүлү бул чаралар убактылуу болушу мүмкүн экенин айтты.

24-25-июнда өзбек шоу-бизнесинин айрым өкүлдөрү социалдык түйүндөр аркылуу челленж уюштуруп, Гүлнара Каримованы тезирээк бошотууну суранышкан.

XS
SM
MD
LG