Ссылки доступа

Алматыда 11 суткага камалып чыккан жаран кайрадан кармалды


6-июлда Алматыдагы митинг маалында кармалып, 11 суткага камалып чыккан жергиликтүү тургун Калас Нурпеисов 17-июлда кайрадан полиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу анын туугандары билдиришти.

Алардын айтымында, Нурпеисов бул жолкусунда «тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу» тууралуу белгисиз кылмыш ишинин алкагында кармалды.

Алматынын тургуну буга чейинки бир нече жолку нааразылык акциялары маалында кармалып, камакта отуруп чыккан.

10-июнда сот Калас Нурпеисовду «полициянын талабына баш ийбөө» айыбы менен беш суткага камакка алган. 3-майда шаардык административдик сот аны тынч «митингдерди өткөрүү тартиптерин бузууга» күнөөлүү деп таап, 10 суткага камоо өкүмүн чыгарган.

6-июлда Казакстандын Алматы жана Нур-Султан сыяктуу бир катар ири шаарларында митингдер өтөт деп айтылган аянттардан полиция жүздөгөн адамды кармаган.

Казакстанда нааразылык акциялардын күч колдонуу менен токтотулуп жатышын жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары сынга алып келишет.

XS
SM
MD
LG