Окуя 18-июлда эртең менен болду. Баштапкы маалыматтарга караганда, 41 жаштагы жаран имараттын ичине бензин куюп, өрттөп жиберген. Бул тууралуу ал колго түшкөндөн соң айтып берген. Шектүү да ооруканага жаткырылды.
Ал эмне себептен мындай кадамга барганы али белгисиз. Полиция өрт болгон жерден бычактардын топтомун тапты. Бирок ал шектүүгө таандыкпы же жокпу, тактала элек.
Өрттөлгөн "Kyoto Animation" студиясы 1981-жылы ачылган. Сериалдарды жана көркөм фильмдерди чыгарат. Студиянын эмгектеринин арасында «Меланхолия Харухи Судзумии», «Кланнад», «K-On!» тасмалары бар. Компаниянын башкы кеңсеси Киотодо жайгашкан.