Ссылки доступа

Түркмөнстанда бюджет кызматкерлери «Кызыл жарым ай коому» үчүн акча чогултууга милдеттендирилди


Түркмөнстан (иллюстрациялык сүрөт)
Түркмөнстан (иллюстрациялык сүрөт)

Түркмөнстанда бюджеттик мекемелер ай сайын «Улуттук Кызыл жарым ай коому» үчүн каражат топтоп турууга милдеттендирилди. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын Ашхабаддагы кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн баш калаасындагы бир нече мамлекеттик орган жогору жактын жазуу түрүндөгү тиешелүү буйругун 15-июлда алышкан.

«15-июлда бир катар бюджеттик мекемелер ай сайын Кызыл жарым ай фондуна ар бир кызматкерден 15 манаттан (расмий курска ылайык, 3,5 манат 1 долларга барабар) кармап калуу тууралуу жазуу түрүндө буйрук алышкан. Бюджет кызматкерлери бийликтин мындай чечимине нааразы болуп жатышат. Аларга бул буйрук бардык мамлекеттик мекемелерге тиешелүү экени айтылган», — деди кабарчы.

Бул боюнча «Улуттук Кызыл жарым ай коомунан» расмий комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Өлкөнүн «Улуттук Кызыл жарым ай коому жөнүндөгү» мыйзамында бул уюм муктаж адамдарга гуманитардык, медициналык, социалдык, реабилитациялык жана башка жардамдарды көрсөтүү максатында негизделгени жазылган. Бирок уюмдун аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери жетекчилик аларга катуу талаптарды коюп, муктаж адамдарга жардам берүүдөн баш тартып келерин билдирди.

Түркмөнстандын «Улуттук Кызыл жарым ай коомун» өлкө президентинин эжеси Гүлнабат Довлетова жетектейт.

XS
SM
MD
LG