Ссылки доступа

Украин бийлиги Орусияга каршы жаңы санкцияларды даярдап жатат


Украина министрлер кабинетинин имараты
Украина министрлер кабинетинин имараты

Украин өкмөтү Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө ниеттенип жатат. Министрлер кабинетинде кабыл алынган тиешелүү чечим өлкөнүн Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешине жөнөтүлдү.

Маалыматка караганда, кезектеги санкциялар Краснодар — Крым газ түтүгүн курууга жана мыйзамсыз көмүрсуутек өндүрүүгө катышып жаткан бир катар юридикалык жактарга тиешелүү болот.

Жалпысынан санкциялык тизмеге Орусияда катталган 24 компания киргизилет. Алардын алтоосу аннексияланган Крым жарым аралында жайгашкан. Мындан тышкары Кытайда, Түркияда, Босния жана Герцеговинада катталган бир катар ишканаларга дагы санкция киргизүү каралган. Булардын баарынын магистралдык газ куурунун курулушуна тиешеси бар. Өкмөттүн чечиминде чектөөлөр киргизиле турган юридикалык жактардын толук тизмеси көрсөтүлгөн эмес.

​Буга чейин Украина орусиялык товарлардын импортуна киргизилген чектөөлөрдү 2020-жылдын аягына чейин узарткан.

18-апрелде орус өкмөтү Украинага карата бир нече жаңы чектөөлөрдү киргизип, бул өлкөгө мунай жеткирүүгө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG