Ссылки доступа

Арыстагы жарылуудан жабыр тарткан үч киши ооруканадан чыга элек


Казакстандын саламаттык сактоо министри Ержан Биртанов 24-июнда Арыстагы курал-жарак кампасында болгон жарылуудан жараат алган наристенин абалы өтө оор экенин билдирди.

«Ал баланы тажрыйба алмашууга келген чет өлкөлүк нейрохирургдар да карады. Дарыгерлер болгон аракетин көрүүдө. Бирок баары докдурлардын колунда эмес экен. Баланын баш жараты өтө оор», – деди Биртанов.

Министрдин айтымында, ал күнү жарадар болгон дагы эки киши Алматы жана Шымкенттеги бейтапканада. Дарыгерлер алар сакайып баратканын айтышты.

Арыста жарылуу болгон күнү дарыгерлерге 165 киши кайрылган, алардын ичинен 89у ооруканага жаткырылган. 24-июндагы жарылууда үч адам ажал тапкан. Шаардагы турак жайдын 85% жакыны жабыркаган.

Расмий маалыматтар боюнча шаарды калыбына келтирүүгө 52 миллион доллар керектелет.

XS
SM
MD
LG