Ссылки доступа

Украинада кармалган орусиялык танкердин экипажы бошотулду


Украинада кармалган орусиялык "Ника Спирит" танкеринин экипажы Орусияга кайтарылат.  Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги Орусиянын Киевдеги маалымат-атташеси Денис Голенкого шилтеме берүү менен билдирди.

Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова моряктар Молдовага багыт алышканын кабарлады. Ал жактан алар Москвага учушат.

Украина Башкы прокуратурасы күбө катары экипаждын он мүчөсүн суракка алганын тастыктады. Ошол эле маалда алардын боштулганы жөнүндө комментарий берүүдөн баш тартты.

Украин басылмалары маалымдагандай, моряктар тергөөчү чакырганда келүүгө милдеттендирилген, бирок бул алардын Орусияга чыгып кетүүсүнө тоскоолдук жаратпайт.

"Ника Спирит" танкери 25-июль күнү эртең менен кармалган. Одесса облусунан келе жаткан кеме ремонт үчүн Измаил портуна кайрылган.

Украина Коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, былтыр ноябрь айында орус чек арачылары тарабынан үч украин кемеси кармалганда бул танкер Керч кысыгын торогон. Анда ал "Нейма" деп аталган.

Украина атайын кызматтары жана аскер прокуратурасы “мыйзамсыз иштерди жана агрессия актысын жашыруу максатында” кеменин аты өзгөртүлгөнүн белгилешүүдө. Украин тарап аны эл аралык маалымат системалары аркылуу аныктаган.

XS
SM
MD
LG