Ссылки доступа

АКШ Сенаты Орусияны айыптаган баяндамасын жарыялады


25-июлда АКШ Сенатынын Чалгындоо комитети 2016-жылдагы президенттик шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү жөнүндө баяндамасын жарыялады.

Баяндамада Кремль АКШнын ички саясий ишине кийлигишип, 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоого карата бүлгүн аракетин көрүүнү улантып жатканы айтылат.

Чалгындоо комитети жана Ички коопсуздук министрлиги орусиялык хакерлер 21 штатта шайлоо системасына кирген деген бүтүмгө келишкен.

Документте Москва Демократиялык партиянын компьютердик системаларын бузуу жана социалдык түйүндөрдө жалган маалыматтарды жайылтуу менен америкалык шайлоочулар арасында араздашуу жаратууга аракет көргөнү айтылат. Сенат шайлоо системаларындагы компьютердик инфраструктуралардын коопсуздугун штаттардын деңгээлинде анализдейт.

Сенат добуш берүүдөгү эскирген техникалык системаларды алмаштырууну жана коопсуздук үчүн кошумча каражат бөлүүнү сунуштоодо.

АКШнын мурдагы атайын прокурору Роберт Мюллер 24-июлда Конгресстин өкүлдөр палатасында Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкени тууралуу көрсөтмө берген.

​ Мюллер иликтөөнүн жүрүшүндө Трамп өзү же анын шайлоо штабы Орусия менен алдын ала келишүүгө барганына жетиштүү далилдер табылбаганын маалымдап, президенттин өзүн айыптай алышпасын, бирок анын айлансындагы башка адамдарга айып коюлушу мүмкүн экенин белгилеген.

Мурдагы атайын прокурор Орусиянын шайлоого кийлигишүүсү, анын ичинде кийин айыпталган орусиялык 12 офицердин аракети тууралуу иликтөө жасаган. Мюллер Орусия шайлоого тынымсыз кийлигишкен деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG