Ссылки доступа

Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоону жандантууну сунуштады


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ак-Сай менен Ворух айылынын жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушууда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн бийлиги чек арага чектеш аймакта жашаган элдин маселесин биргелешип чечүүгө аракет кылып жатышканын айтты.

«Биз чек арадагы элдин жашоо-шартын жакшы билебиз. Бардык маселелерден кабарыбыз бар. Аларды чогуу чечкенге аракет кылып жатабыз. Биз чек араны тынчтыктын жана достуктун чек арасы кылгыбыз келет. Мен чечилбеген маселе жок деп ойлойм», - деди Жээнбеков.

Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантууну сунуштады.

Жээнбеков менен Рахмон бүгүн, 26-июлда Ак-Сай менен Ворух айылынын чек арасында жолугушкан. Президенттин басма сөз кызматы эки өлкөнүн жетекчилеринин жолугушуусу Тажикстандын Исфара шаарында уланып жатканын, сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы 27-июлда Чолпон-Ата шаарында болорун кабарлады.

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.

Тажикстандын чек ара кызматы кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG