Ссылки доступа

Ишкер Каримовдун өлүмүнө шектүүлөрдүн бири кармалганы кабарланды


Орусиялык "Комсомольская правда" басылмасы укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, Екатеринбургда кыргызстандык ишкер Камчыбек Каримовдун өлүмүнө шек саналып жаткандардын бири кармалганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, шектүүнүн аты Зарылбек жана ал Кыргызстанда туулуп-өскөн. Күч органдары аны Челябинск облусунун Коркино шаарында кармап, күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмө бергени айтылды. Ал ошол күнү автоунаанын айдоочусу болгон. Шектүү буга чейин карактоо беренеси менен соттолуп, өткөн жылы октябрь айында эркиндикке чыккан.

Каримовго кол салган үч киши окуя болгон жерге жакын үйдүн камерасына түшүп калган. Алар маркумдун баштыгындагы 19 млн. рублди алууну максат кылышкан.

Буга чейин орусиялык URA.ru маалымат агенттиги кылмышка «Зама» деген каймана аты бар Замир аттуу Кыргызстанда төрөлүп, Орусиянын жарандыгын алган адам шек саналып жатканын жазышкан. Ал буга чейин оор кылмыш үчүн бир нече жыл соттолуп, жакында эле түрмөдөн чыкканы маалымдалды.

Анын Каримов менен тааныш экени, 2-июлда «Таганский ряд» базарында ишкердик кылган маркумдун жанында ири суммадагы акча барын билип, аны карактоо максатында кол салуу уюштурганы айтылган.

5-июлда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү Раимбек Салимов Каримовго кол салган эки кишинин аты-жөнү аныкталганын, аларды издөө иштери жүрүп жатканын «Азаттыкка» билдирген.

Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын башчысы, ишкер, 54 жаштагы Камчыбек Каримовду быйыл 2-июлда үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып кеткен. Анын ичине, бутуна ок тийип, «Тез жардам» келгенде каза тапкан.

XS
SM
MD
LG