Ссылки доступа

Өзбекстанда түрттүрүлгөн үйлөрү үчүн компенсация талап кылган тургундар жол тосушту (видео)


26-июль күнү кечинде Өзбекстандын Хорезм облусундагы Ургенч районунда миңдеген адам Ургенч-Хазарасп автоунаа жолун тосуп алышты. Алар үйлөрү түрттүрүлүп, убактылуу талаага тигилген чатырларда жашап жаткан жергиликтүү тургундар.

Акция катышуучуларынын айтымында, миңден ашык адам түрттүрүлгөн үйлөрү үчүн убадаланган компенсацияны талап кылып чыгышкан.

«Жергиликтүү бийлик 400дөн ашык үйдү түрттүргөн. Жашоочуларга компенсациянын жарымы төлөнүп, калганы алар чатырларга көчүп баргандан кийин бериле турганын убадалашкан. Бирок дале болсо акчадан дайын жок. Бир нече айдан бери чаңда, таза суусу жок жашап келебиз. Ал ортодо курулуш материалдары жана куруучулардын кызмат акылары дагы кымбаттап жатат», — деди жергиликтүү тургундардын бири.

Маалыматка караганда, жол тосулган жерге Улуттук гвардиянын жүздөгөн аскерлери менен милиционерлер барып, чогулган элди кайрадан чатыр тигилген талаага барууга көндүрүшкөн.

​Күбөлөрдүн айтымында, 27-июлда Хорезм облусунун жетекчиси Фарход Эрманов эл менен жолугуп, алар үчүн курулуш материалдарын арзандатуу убадасын берди. Ошол эле күнү өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов чогулгандар менен жолугуп, түрттүрүлгөн үйлөр үчүн компенсация толук төлөнүп берилерин айтты. «Бийлик өкүлдөрү курулуш материалдары арзандап, компенсация берилет деп убадалашты. Эми көрөбүз, эгер бул убадалар аткарылбаса, анда эл кайрадан жол тосууга чыгат», — деди тургундардын бири.

XS
SM
MD
LG