Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө карата «Түркмөнтелеком» ишканасынын Лебап облусундагы бөлүмүнүн кызматкери, Суу чарба башкармалыгынын жана жергиликтүү Турак-жай-коммуналдык чарбасынын бирден жумушчулары кармалды.
Мурдараак Түркмөнстанда айрым эстрада ырчылары менен блогерлер социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу мекендештерин президент Гурбангулы Бердымухамедовдун өлүмү тууралуу кабарга ишенбөөгө чакыра башташкан. Алардын көбү #duryalan («токто, жалган») деген хештэг менен билдирүүлөрдү жазып, президентке өмүр тилеп, жалган маалымат тараткандарга каргыш айтышкан.
21-июлда оппозициячыл «Эркин Түркмөнстан» ютуб-каналы өлкөнүн баш калаасындагы өз кабарчыларына шилтеме кылып, мамлекет башчы 20-июлда каза болгонун билдирген. Президент эл алдына акыркы жолу 5-июлда чыккан. 15-июлда анын басма сөз кызматы президент эмгек өргүүсүндө экенин билдирип, мамлекет башчынын неберелери менен ойноп жатканы тартылган видеону тараткан.
Бердымухамедов Түркмөнстанды 2007-жылдан бери башкарып келет. Быйыл июнда ал 62 жашка чыкты.