Буга чейин «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында өндүрүлгөн айыппулдардын бир бөлүгү тез жардамды жакшыртууга жумшалары айтылган.
Бүгүнкү күнгө карата айыппулдан жалпысынан 175 млн сом акча жыйналды. Анын 35 млн сому тез жардам унааларын сатып алууга бөлүнөт.
Мындан тышкары, жол инфраструктурасын, почта кызматын, айыппул чогултуу жолдорун жакшыртууга да акча берилет.
Өкмөт эгер жылдын аягына чейин айыппул жыйноо темпи "ушул деңгээлде сакталса, тез медициналык жардам кызматынын унааларын сатып алууга 70 млн сомдон ашуун бөлүнөрүн" кабарлады.
"Тез жардам" кызматы транспорттук каражаттарга жана адистерге муктаж экени белгилүү. Мисалы, 100 машине керек болсо, азыр 58и гана бар. Дарыгерлердин айлыгы 12-14 миң сом.