Ссылки доступа

Навальныйдын дарыгери: саясатчы «уулуу затка» ууланган болушу мүмкүн


Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын дарыгери Анастасия Васильева анын курч аллергиялык реакциясы белгисиз «уулуу затка» уулануудан улам пайда болгон болушу мүмкүндүгүн билдирди.

24-июлдан бери «митинг өткөрүү эрежелерин бузуу» айыбы менен административдик жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Алексей Навальный 28-июлда эртең менен «курч аллергиялык реакция» диагнозу менен ооруканага жаткырылган. Анда анын адвокаты саясатчынын бети шишип, териси кызарып кеткенин айткан. Ошондой эле ал Навальный «буга чейин бир дагы жолу аллергияга кабылбаганын» белгилеген.

Васильеванын айтымында, атайын кармоо жайынын кызматкерлери Навальныйдын оорусу тууралуу анын «туугандары менен адвокаттарына» маалымат берүүнү каалашкан эмес. Ооруканада диагноз коюлгандан кийин дагы ал тууралуу «бейтаптын өзүнө, адвокаттарына жана медик кесиптештерине эч нерсе айтылган эмес».

Дарыгер ошондой эле ооруканада Навальный көзү ооруп, жаш агып жатканына даттанса дагы, аны офтальмолог дарыгери карабаганын билдирди.

Былтыр апрелдин аягында Москвада Навальныйга кол салуу болуп, көзүнө жашыл түстөгү химиялык кошулма чачып кетишкен. Анын жыйынтыгында саясатчынын көзүнүн чел кабыгы орто деңгээлде күйүк алган. Анда Навальный оң көзүнүн көрүүсүн болжол менен 80% жоготконун билдирген. Саясатчы кийин көзүн чет өлкөгө барып дарылатып келген.

XS
SM
MD
LG