Ссылки доступа

Тажикстанда укук коргоочулар тополоң чыккан абактагы саясий туткун менен жолугушту


Тажикстанда Кыйноолорго каршы коалициясынын  укук коргоочулары Тажикстандын мурдагы өнөр-жай министри, алты жылдан бери түрмөдө отурган Зайд Саидов менен жолугуп чыгышты.

​29 жылга кесилген мурдагы ишкер жана каттоодон өтпөгөн көз карандысыз саясий партиялардын демилгечиси быйыл майда тополоң чыккан Вахдат шаарындагы абакта кармалууда.

Укук коргоочулардын билдирүүсүндө жолугушууга түрмөнүн кызматкерлери катышпаганы, анын даттануусу жок экени айтылат:

– Бөлмөдө видеокөзөмөл камералары көрүнгөн жок. Сыртынан караганда ден соолугу жайында, жакшы басат, эркин отурат, өзүн ишенимдүү алып жүрөт, денесинде көгала, тактар байкалбайт.

Заид Саидов “тополоң учурунда жаракат алган” деген маалыматтарды тастыктаган эмес. Ал абакта ага карата басым жок экенин айткан.

2013-жылы Тажикстанда сот оппозициялык саясатчы жана ишкер Заид Саидовду каржылык “көз боёмочулук кылган, көп аял алган жана бойго жете элек кыздар менен сексуалдык катнашка барган” деген айып менен 26 жылга түрмөгө кескен. Кийин анын жаза мөөнөтү дагы үч жылга узартылган.

XS
SM
MD
LG